Министрлер кабинетинин өзгөрүшү боюнча аңыз кептер айтыла баштагандан бери Бакыт Төрөбаевдин айланасында божомолдор күч алды.
Анын министрлер кабинетин жетектеп калышы мүмкүн экендиги айтылууда. Анда, парламент төрагасы кызматтан кетеби? Бакыт Төрөбаев “Өнүгүү” партиясын түптөп, үлкөн саясатка кеңири тамырын жайган. Саясий чөйрөдө такшалгандыгын эске алганда өкмөттүн жүгүн көтөрүүгө дарамети жетет дешүүдө. Бирок, коомчулук Акылбек Жапаровдун отставкасына жашыл жарык жакпаганы да белгилүү.