“Мен Ош шаарындагы мектептер менен бала бакчаларды толук кыдырып чыктым. Алардын көпчүлүгүнүн эскилиги жетип, эшик, терезе жана полдору сынган. Бир мектеп салыш үчүн 250-300 млн сом каражат кетет экен. Эгер биз бир мектепке жумшалган каражатты ошолорду оңдоп – түзөөгө жумшабасак, аларды түп орду менен жоготуп алабыз. Андыктан, алгач шаардагы эски мектептер менен бала бакчаларды сактап калуу жагын колго алдык”,- деп билдирди Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов.
“Каражатты бөлүп берем, быйыл жаңы окуу жылына чейин бардык мектептердин эшик, терезелери жана полдору алмашылат. Анан, кийинки жылы жаңы мектептер курулат”, – деди.
Белгилүү болгондой, мугалимдер каражат топтоп, мектептин оңдоп – түзөө иштерине катышышпайт. Алардын иши балдарды окуттуу, таалим тарбия берүү деди шаардын мэри.