Баку-Грозный багытындагы учак Актауда кыйрады

Автор

Азербайжандын Баку шаарынан Грозный шаарына бара жаткан учактын экипажы башкаруу системасынын иштебей калганын билдирди. Актау шаарындагы Мангыстау облусунун аэропортуна конууга чечим кабыл алган.
Актауга конуу учурунда учак жерге урунган. Чеченстандын аэропорту билдиргендей, Бакудан учуп чыккан учак Грозныйда туман болгондуктан Махачкалага багытталган.
Алгачкы маалыматтар боюнча, бортто 67 жүргүнчү жана 5 экипаж мүчөсү болгон.
Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен окуя болгон жерге 52 куткаруучу жана 11 техника жеткирилди. Учак кыйраган жерде күйүп жаткандыгы аныкталган.
Кырсык болгон жерден куткаруучулар 12 адамды аман тапкан. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин күчтөрү өрттү толугу менен өчүрүштү.
Окуя болгон жерде Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин медициналык жана психологиялык жардам көрсөтүүчү адистери иштеп жатышат.

Бөлүшүү:
Next Post

Министрлер кабинетинин төрагасы ЭТТК жоюлбай тургандыгын айтты

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Мамлекеттик салык кызматында кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти. Жыйында салык чөйрөсүндөгү коррупцияга каршы күрөшүүнүн актуалдуу маселелери, электрондук товартранспорттук колдонмолорду(ЭТТК) киргизүүнүн жүрүшү, отчеттуулукка байланышкан көйгөйлөрдү четтетүү, электрондук системалардын иштеши жана башка ушул сыяктуу маселелер талкууланды. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарын […]

Сизге жагышы мүмкүн