Бакен Кыдыкееванын 100 жылдыгын өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү

Автор

СССРдин эл артисти, советтик, кыргыз театр жана кино актрисасы Бакен Кыдыкееванын туулган күнүнүн 100 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү. Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Буйрукта белгиленгендей, №375 уюштуруу комитети юбилейлик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү планын иштеп чыгып, бекитиши керек.

Иш-чараларды ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдар республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржыланат.

СССРдин эл артисти, советтик, кыргыз театр жана кино актрисасы Бакен Кыдыкееванын туулган күнүнүн 100 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин курамы:

 

Кызматы боюнча:

– Министрлер кабинетинин төрагасынын социалдык блокту тейлеген орун басары, уюштуруу комитетинин төрагасы;

– Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары.

Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:

– Билим берүү жана илим министри;

– Тышкы иштер министри;

– Финансы министри;

– Президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо башкармалыгынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башчысы;

– Бишкек шаарынын мэри;

– Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү (макулдашуу боюнча);

– Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары;

– Улуттук илимдер академиясынын президенти;

– Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору;

– Кыргыз Республикасынын “ЭлТР” мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын башкы директору;

– Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Аламүдүн районунун мамлекеттик администрация башчысы-аким (макулдашуу боюнча);

– Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Кинематография департаментинин директору;

– “Кыргызстан театр ишмерлер союзу” коомдук бирикмесинин төрагасы;

– Кыргызстан Кинематографисттер союзунун коомдук бирикмесинин төрагасы;

– Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын директору;

– Б. Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын директору;

– Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин ректору;

– “Кыргыз Туусу”гезитинин башкы редактору;

– “Эркин-Тоо”гезитинин башкы редактору.

Жекече:

– Ажыбекова Гулсайра Ажыбековна-Кыргыз Республикасынын эл артисти (макулдашуу боюнча);

– Бекболиев Эгемберди Жайлообекович-Кыргыз Республикасынын эл артисти (макулдашуу боюнча).

Бөлүшүү:
Next Post

Глобалдык жылуулук: Климаттын өзгөрүүсү көзөмөлдөн чыкты

Бириккен Улуттар Уюму климаттын өзгөрүшү рекорддук эң ысык апта болушу мүмкүн деп эсептелгенден кийин көзөмөлдөн чыккандыгын билдирди БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш бейрасмий маалыматтарды талдоо шаршембиге чейинки жети күндөгү орточо глобалдык температура рекорддук аптадагы эң ысык апта болгонун көрсөткөндүктөн, “климаттын өзгөрүүсү көзөмөлдөн чыгып баратат”, –  деди. “Эгерде биз зарыл болгон […]

Сизге жагышы мүмкүн