Байыркы доордо билим алуу үчүн алгач үч кесилиш жолдон өтүп, Тривиум (Trivium)баскычынан өтүшү керек болчу. Тагыраак айтканда орто кылымдардагы гуманитардык илимдер системасынын жалпы аталышы.
– Грамматика
– Логика
– Риторика (чечендик)
Бул деңгээлдер аяктагандан кийин, 4 кесилиш жолго келет. Квадри́виум (Quadrivium) башталат. Тагыраак айтканда орто кылымдардагы так илимдер системасынын жалпы аталышы.
– Арифметика
– Геометрия
– Астрономия
– Музыка
Бул 7 деңгээл аяктаганга чейин;
– Философия
– Мыйзам
– Медицина
окуулары эч качан башталбайт эле.