Кайсы бир уламышта Адам ата менен Обо эне бейиштен чыгарылганда катуу кар жааганы айтылат. Кыш көпкө созулуп, катуу суук өкүм сүрүп, муздак, ырайымсыз ызгаар эч кимди аябады.
Ошондо Обо эне Эдемдин жылуу бакчаларын эстеп, үшүп – тоңуп, ыйлай баштады. Ал оорудан, сууктан эмес, кетирген катасы үчүн бейиштен ажыраганына өкүнгөнүнөн ыйлаптыр.
Анан Кудай аны аяп, көз жаштарын бул дүйнөнүн эң назик гүлүнө айлантат. Гүлдөрдү көргөн Обо көңүлү көтөрүлүп, жакшылыктан үмүттөндү. Ошентип кар бүртүгүнө окшогон байчечекейлер жаздын келгенинен кабар берип, кар үстүндө эрте пайда болот дешет…