Түрк фирмасы Байкар 2025-жылы Украинада Байрактар ТБ2 жана Байрактар Акынжы согуштук учкучсуз учактарды чыгара баштайт. Компаниянын башкы директору Халук Байрактар «Baykar- «Авиа венчурс» —жергиликтүү туундукомпаниясынын курулуш иштери планга ылайык жүрүп жатат. Ачылышы 2025-жылга пландаштырылган»,-деди ал.
Түрк компаниясынын Украинадагы өндүрүшкө жумшаган жалпы инвестициясынын көлөмү 95 миллион доллардан ашканы белгиленген.
“Байрактар ТБ-2” – 150 чакырым камтуу аймагы менен оперативдүү-тактикалык сокку уруучу учкучсуз учуучу аппарат. Ал башкарылуучу куралдарды көтөрүп, абада 12 сааттан 24 саатка чейин тура алат.