Байкал тууралуу кызыктуу фактылар

Автор

1. Байкал – планетабыздагы эң таза, эң терең, эң чоң тузсуз көл болуп саналат.
2. Көлдүн максималдуу тереңдиги болжол менен 1640 метрди түзөт. Бул беш Эйфель мунарасына туура келет.
3. Бул тереңдикти дүйнөгө белгилүү дарыялардын суулары менен толтуруу үчүн: Волга, Дон, Днепр жана Енисей, Урал, Обь, Ганг, Ориноко, Амазонка, Темза, Одер Байкалга 1 жылдан ашык тынымсыз агып турушу керек.
4. Байкал дүйнөдөгү эң тунук көл. Космостон Байкал түбүнүн рельефи 500 метр тереңдикте көрүнөт.
5. Көлдөгү суунун запасы 23,6 миң куб километрден ашат. Эгерде бул суунун баарын кадимки литрлик бөтөлкөлөргө куюп, катар тизип койсо, алар экватордо жер шарын 58 миллиондон ашык жолу айланып чыгышат.
6. Кышында Байкал 2 метрден ашык муз менен капталган, муз жарылып кеткенде анын үнү күн күркүрөгөндөй болот.
7. Бүгүн Иркутск облусунда Байкал күнү белгиленип жатат.

Бөлүшүү:
Next Post

ЖК Полотованы социалдык камсыздоо министри кызматына дайындоого макулдук берди

Бүгүн, 12-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутаттар Жылдыз Полотованы эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматына талапкерлигин жактырды. Жылдыз Полотованы министр кылып дайындоого 82 депутат макулдугун берди. Ал акыркы төрт жылдан бери сөз болуп жаткан министрликте орун басар болуп иштеп келген. Эске салсак, Президент Садыр Жапаровдун 7-июндагы жарлыгы менен Гүлнара […]

Сизге жагышы мүмкүн