Байдылдаев Жеңиш: “Тууну коргогондой аял затын коргой албадык”

Автор

Бүгүн, 15-декабрда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда экинчи Элдик курултай өтүп жатат. Күндүн экинчи жарамында жарыш сөзгө чыккан Токтогулдан келген делегат Байдылдаев Жеңиш аял затынын кадыры тууралуу катуу кайрылуу жасады.
“Урматтуу мырзалар! Ар бир үйдө туу жок, бирок ар бир үйдө аял заты бар. Тууну алмашат десе миңдеген эркектер каршы чыгышты. Бирок туудан да маанилүү нерсе бар. Мурда орус басылмалары “Эң арзан жеңил ойлуу кыздар кыргыздыкы, аборт боюнча да кыргыз кыздары алдыда”, -деп жазып чыгышты. Ошондо да тууга каршы чыккандай араңардан белдүү эркектер чыккан жок. Биз эркектик вазыйпабыздан тарткандыгыбыз үчүн бүгүн миңдеген кыздарыбыз мигрант болуп отурат. Алардын арасында кордук-зомбулук көргөндөр бар. Денесин сатууга мажбур болгондор бар. Мунун баары сиз менен биздин алсыздыгыбыз. Эч качан кыргыз кызынын кадыры бүгүнкү күндөгүдөй төмөн түшкөн эмес”. –деди

Бөлүшүү:
Next Post

16-декабрга карата аба ырайы

Эртең, 16-декабрда Чүй, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн -4…-9, күндүз -1…-6; Талас облусунда түнкүсүн -11…-16, күндүз -3…-8; Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -1…-6, күндүз […]

Сизге жагышы мүмкүн