Байден 2025-жылга коргонуу бюджетин бекитти

Автор

АКШ президенти Жо Байден 2025-жылга арналган коргонуу бюджетин 895 миллиард доллар өлчөмүндө бекитти. Бул тууралуу Ак сарайдын басма сөз кызматы маалымдады.
Буга чейин АКШ Конгрессинин эки палатасы да 895 миллиард долларлык коргонуу бюджетин макулдашкан.
18-декабрда жарыяланган маалыматка ылайык, бюджет долбооруна АКШнын Индо-Тынч океан аймагындагы катышуусун күчөтүү чаралары, аскер кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу, жети жаңы кемени куруу жана өлкөнүн коргонуу өнөр жай базасын бекемдөө киргизилген.

Бөлүшүү:
Next Post

Бакай-Атада мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелер мамлекетке кайтарылды

Бакай-Ата районунда мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, Бакай-Ата районунун прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын талаптарынын сакталышы текшерилип, Бакай-Ата айылында жайгашкан айыл чарба багытындагы 28 миң чарчы метр жер тилкеси мыйзамсыз жеке тарапка менчикке берилип кеткендиги аныкталган. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен райондук прокуратура тарабынан административдик […]

Сизге жагышы мүмкүн