АКШнын президенти Жо Байден республикачылар өкмөттү жабуу үчүн ага каршы импичмент жараянын баштап жатканын билдирди.
“Алар мага импичмент жарыялагылары келет, анткени алар өкмөттү жабууну каалашат”,-деди Байден шайлоо өнөктүгү учурунда.
Шейшембиде Өкүлдөр палатасынын спикери Кевин МакКарти Байденге импичмент боюнча расмий иликтөөнү ачууга буйрук бергенин жарыялады. Анын айтымында, президент жана анын үй-бүлөсү коррупция жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу менен алектенет.
Ак сарай президент тарабынан кандайдыр бир мыйзам бузуулар болушу мүмкүндүгүн четке кагат. Ошондой эле Маккартинин аракеттери республикачылардын арасында колдоого ээ эмес деп эсептешет.