Франция, АКШ, Италия, Британия жана Германиянын лидерлери Израиль менен ХАМАСтын ортосундагы жаңжал боюнча биргелешкен билдирүү жасашты.
“Бүгүн биз – Франциянын президенти Макрон, Германиянын канцлери Шольц, Италиянын премьер-министри Мелони, Улуу Британиянын премьер-министри Сунак жана АКШнын президенти Байден Израиль мамлекетине бекем жана бирдиктүү колдообузду билдиребиз жана Хамастын жана анын үрөй учурган террордук актыларын талашсыз айыптайбыз”,-деп айтылат билдирүүдө.
“Баарыбыз Палестина элинин мыйзамдуу умтулууларын тааныйбыз жана израилдиктер менен палестиндиктер үчүн тең адилеттүүлүк менен эркиндикти жактайбыз”,-деген пикирлерди кошумчалашты.