АКШнын президенти Жо Байден демократтарга шайлоого катышуудан баш тартпай турганын айтты, деп жазат Politico.
«Мүмкүн болушунча так, мүмкүн болушунча жөнөкөй жана түз айтайын: мен катышамын… Мени эч ким кууп чыккан жок, мен кетпейм, аягына чейин күрөшөм, биз жеңебиз»,-деген Байден.
Маалыматта айтылгандай, Байден тийиштүү билдирүүнү штаб-квартирасы жана Демократиялык партиянын Улуттук комитети менен болгон видеоконференция учурунда жасады.
Америкалык маалымат каражаттары Демократиялык мыйзам чыгаруучулардын тобунун АКШ президентине жарыштан баш тартуу талабы менен кайрылууну пландап жатканын кабарлашты. Өкүлдөр палатасынын мүчөлөрүнүн бири, демократ Ллойд Доггет Байденди альтернативдүү талапкердин пайдасына шайлоого катышуудан баш тартууга ачык чакырды. Андан кийин анын партиялашы жана кесиптеши Рауль Грижалва журналисттерге берген маегинде башка талапкерлерди издөө керектигин айтты.
Ак сарай өз кезегинде Байден “мурдагыдай эле курч” жана шайлоодон баш тартпай турганын билдирди.