Байден уулун эмне себептен кечиргенин түшүндүрдү

Автор

АКШ президенти Жо Байден уулу Хантер Байденди куугунтуктоо боюнча Республикалык партиянын аракеттери токтобойт деген тынчсыздануулардан улам кечирүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Ак үйдүн басма сөз катчысы Карин Жан-Пьер билдирди.
Анын айтымында, Байден уулунун иши саясий негизде тандалган деп эсептейт.
«Президент бул чечимге каршы күрөшүп келди. Акыры алдыга жылууну чечип, уулун кечирүүнү тандады»,-деди басма сөз катчысы.
2-декабрга караган түнү Жо Байден мыйзамсыз курал сактоо жана салык мыйзамдарын бузуу боюнча айыпталган уулуна кечирим берүү тууралуу буйрукка кол койгону маалым болду.
АКШ лидери өз билдирүүсүндө президенттик мөөнөтүнүн башынан бери юстиция министрлигинин ишине кийлигишпегенин баса белгиледи. Ал уулуна карата козголгон сот ишин тандалма жана саясий негизде болгонун кошумчалады.

Бөлүшүү:
Next Post

Гимн келерки жылдын апрелине чейин өзгөрөбү?

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев гимнди өзгөртүү маселеси боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Иш-чарага Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы Винера Раимбачаева, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, Президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты […]

Сизге жагышы мүмкүн