Байден уулун кечирбей турганын айтты

Автор

АКШнын президенти Жо Байден G7 саммитиндеги басма сөз жыйынында уулу Хантер Байденди кечирүүгө мүмкүнчүлүгү жөнүндө суроого жооп берди. Ал президенттик ыйгарым укуктарын колдонуп, аны кечирүү ниети жок экенин айтты.
“Мен уулум менен абдан сыймыктанам. Ал мен билген эң жаркын жана татыктуу адамдардын бири болуп саналат. Мен калыстардын чечимине баш ийем жана аны кечирүү ниетим жок”,-деди Байден.
11-июнда калыстар соту Хантер Байденди куралды сактоо эрежелерин бузуу боюнча үч пунктта күнөөлүү деп тапты. АКШ президентинин уулуна 25 жылга чейин абак жазасы жана 750 миң долларга чейин айып салуу коркунучу турат. Соттун чечимин чыгаруу күнү азырынча дайындала элек.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте “Алыкул фест” АРТ фестивалы өтүүдө

Бишкекте “Алыкул фест” Арт фестивалы А. Осмонов атындагы Кыргыз Улуттук китепканасында уланууда. Бүгүн иш-чаранын алкагында сынактар өтүп жатат. Алар: – Алыкулга арналган ырлар; -Алыкул Осмоновдун ырларына жазылган обондор жана мыкты аткарылган чыгармалар; -Алыкулдун поэзиясынын башка тилдерге котормолору; -Алыкулдун элесине арналган эссе-баяндар; -ЖОЖ, колледж жана мектеп мугалимдеринин арасында А.Осмоновдун чыгармаларын окутуу […]

Сизге жагышы мүмкүн