Байден: Украина НАТОго сөзсүз кошулат

Автор

АКШ президенти Жо Байден Украинанын президенти Владимир Зеленский менен сүйлөшүүлөрдөн кийин Украина НАТОго сөзсүз кире турганын, бирок ага кирүү маселеси Россия менен согушта жеңишке жеткенден кийин караларын айтты. Байдендин айтымында, Украинаны альянска интеграциялоо тууралуу сүйлөшүү азыр актуалдуу эмес, анткени бардык көңүл конфликттин өзүнө бурулушу керек.
«НАТО Украинанын келечегинде болот, албетте. Бирок, Вильнюста айтылгандай, бардык союздаштар макул болуп, шарттар аткарылганда Украина НАТОго мүчө болот. Эми биз Украина согушта жеңерине ынанышыбыз керек”, – деди америкалык президент Владимир Зеленский менен жолугушуунун жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынында.
Ноябрдын аягында НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг альянстын бардык мүчөлөрү Украинанын ага кошулушуна макул экенин билдирген. Андан кийин ал Украина НАТОго мурдагыдан да жакын экенин айтты. Украина 2022-жылдын сентябрында НАТОго кирүүгө арыз берген. Июль айында Вильнюста өткөн альянс саммитинин жыйынтыгында бул үчүн зарыл шарттар түзүлгөндө өлкөнүн НАТОго кирүү чечими кабыл алынган.

Бөлүшүү:
Next Post

Тажикстанда Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгы белгиленди

Тажикстан Республикасынын Улуттук китепканасында кыргыз элинин улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата тегерек үстөл болуп өттү. Мындай маалыматты Таджикистандын белгилүү музыканты, “Парем” тобунун жетекчиси Олим Ширинов билдирди. Борбор Азия боюнча эң чоң китепкана Тажикстанда жайгашкан. Анда Чыңгыз Айтматов жөнүндө көркөм тасма көрсөтүлүп, илимдин жана адабияттын өкүлдөрү анын чыгармаларына токтолушту. […]

Сизге жагышы мүмкүн