АКШнын президенти Жо Байден Конгресс тарабынан мурда жактырылган Украинага 61 миллиард долларлык жардам көрсөтүү боюнча мыйзам пакетине кол койду. Анын пикиринде, бул чечим дүйнөнү коопсуз кылат.
«Жеткирүү дароо башталат. Жакынкы бир нече саатта, түз айтканда, бир нече саатта биз Украинаны курал менен камсыздай баштайбыз»,-деди америкалык лидер.
Байден АКШнын жаңы аскердик жардам пакетине абадан коргонуу ок-дарылары, артиллериялык снаряддар, ракеталык системалар жана брондолгон унаалар кирерин айтты.
Ак сарайдын башчысы ошондой эле АКШ Газага гуманитардык жардам үчүн 1 миллиард доллар бөлүп жатканын жарыялады.