Байден Украинага жаңы жардамын жарыялады

Автор

АКШ президенти Жо Байден Украина президенти Владимир Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Киевге жаңы аскердик жардам пакетин жарыялады. Анын айтымында, бул пакетке абадан коргонуу ракеталары, дрондорго каршы каражаттар, танкка каршы ракеталар, ок-дары жана мобилдик ракеталык системалар кирет. Телефон аркылуу сүйлөшүү 24-августта белгилене турган Украинанын Эгемендүүлүк күнүнүн алдында болду.
Ошондой эле Жо Байден 23-августта, АКШ тарабынан 400 жеке жана юридикалык жактарга каршы жаңы санкциялар киргизилгенин айтты. Кеңейтилген тизмеге Россиядан, Азия, Европа жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн адамдар жана компаниялар кирди. Алар Россияга согуш аракеттерин жүргүзүү жана санкциялардан качуу үчүн товарлар жана кызматтар менен жардам берип жатканы айтылды.

Бөлүшүү:
Next Post

“Асман” авиакомпаниясы ички каттамдарды ачат. Билеттердин баасы канча болот?

Жаңы ачылган Asman Airlines мамлекеттик авиакомпаниясы 27-сентябрдан Кыргызстандын бардык аймактарына ички каттамдарды аткара баштайт. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунан билдиришти. Ошондой эле ички каттамдардын бааларын да жарыялады. – Бишкек — Ош – 3300 сом; – Бишкек — Жалал-Абад – 3100; – Бишкек — Талас – 2100; – Бишкек — […]

Сизге жагышы мүмкүн