Американын президенти Жо Байден Түштүк Каролинадагы биринчи расмий демократиялык праймеризде жеңишке жетти. Учурдагы америкалык лидер 96 пайыз добуш алганы кабарланды. Байден Түштүк Каролинадагы жеңишин талапкерлигине жол ачууга жардам берген 2020-жылдагы праймериздеги жеңиши менен салыштырды.
Жарыштагы калган эки демократтар, Миннесота штатынын өкүлдөрү Дин Филлипс жана жазуучу Марианна Уильямсондун ар бири 2 пайызга жакын добуш алышты.