АКШнын президенти Жо Байден БУУнун 78-Башкы Ассамблеясында сүйлөгөн сөзүндө Россияны тынчтык жолунда экенин билдирди.
“Тынчтык жолунда Россия гана турат, анткени Россиянын тынчтык үчүн баасы – Украинаны капитуляциялоо”,- деди америкалык лидер. Анын пикири боюнча, кеп “Украинаны бөлүү” жөнүндө болуп жатат.
“Ошондуктан АКШ дүйнө жүзүндөгү союздаштары жана өнөктөштөрү менен бирге Украинанын эли менен алардын эгемендүүлүгүн, аймактык бүтүндүгүн жана эркиндигин коргоону улантат”,-деп кошумчалады Байден.