АКШнын президенти Жо Байден мурдагы мамлекет башчысы Дональд Трамп менен алгачкы шайлоо алдындагы дебаттарга активдүү даярдык көрө баштады.
Бул дебаттар акыркы ондогон жылдардагы эң маанилүү дебаттар болушу мүмкүн. Иш-чара 27-июнга пландалган жана 90 мүнөткө созулат.
Даярдык Кэмп-Дэвиддеги шаар четиндеги резиденциясында өтүүдө. Байден ал жерге келген. Дебаттарга чейин ал жардамчылары менен болочоктогу сүйлөөсү боюнча иштейт деп күтүлүүдө.
81 жаштагы президенттин командасы анын физикалык жана акыл-эс күчүнө, экономикадагы жетишкендиктерине жана миграция маселелери боюнча ишмердүүлүгүнө, атүгүл анын үй-бүлөсүнө болгон агрессивдүү чабуулдарды күтүп жатат.
Ал эми 78 жаштагы экс-президент өзүн ишенимдүү сезип жатканын белгилешүүдө. Байденден айырмаланып, Трамп шайлоо өнөктүгүн улантып, дебаттарга даярдыкты кийинки жумада Флоридада баштайт. Бул процесс алкагында Трамп жеке жолугушууларды өткөрүп, аларга эки күн бөлгөн.