Байден-Трамп дебаты көрүүчүлөрсүз өтөт

Автор

АКШ президенти Жо Байден менен анын атаандашы Дональд Трамптын алдын ала шайлоо дебаттарына көрүүчүлөр жана журналисттер катышпайт. Ак сарайдын журналисттер ассоциациясы мындай тажрыйба адаттан тыш экенин белгилейт.
«Бүгүнкү дебаттар көрүүчүлөрсүз өтөт, ал эми алардын эрежелеринде талапкерлердин микрофондорун өчүрүү мүмкүнчүлүгү каралган. Реалдуу убакытта бул кандайча ишке ашары белгисиз»,-деп айтылат пресс-релизинде.
Байден жана Трамп мырзалардын дебатын CNN телеканалы өткөрөт. Ал жергиликтүү убакыт боюнча саат 21:00дө (МСК боюнча 4:00) башталып, 90 мүнөттүн ичинде бүтүшү керек. Ал жерде болгону телеоператорлор жана фотографтардын катышуусуна уруксат берилет.
АКШнын жаңы президентин шайлоо 5-ноябрга белгиленген.

Бөлүшүү:
Next Post

Депутаттар 2 айга каникулга тарады

VII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттары үчүнчү сессиясын жыйынтыктап, эки айлык каникулга тарады.Төрага Нурланбек Шакиев жалпы 73 пленардык жыйын, өтүп, 200дөн ашуун мыйзам долбоору кабыл алынганын айтты. Андан соң Улуттук гвардиянын үйлөмө аспаптар оркестринин коштоосунда Кыргызстандын мамлекеттик гимни аткарылды. Регламентке ылайык, эл өкүлдөрү июнь айынын соңунда ишин аяктап шайлоочулары менен жолугушууга […]

Сизге жагышы мүмкүн