Байден Трампты Украинаны колдоого чакырды

Автор

АКШнын учурдагы президенти Жо Байден Украинага колдоо көрсөтүү улуттук кызыкчылыктарга жооп берет деп эсептейт. Ал жаңыдан шайланган президент Дональд Трампты бул багытта иштөөнү улантууга чакырды.
Жо Байден Дональд Трампка Конгресс Украинага колдоо көрсөтүү үчүн бөлгөн каражаттар жөн гана Киевге берилип жатпаганын, алар өлкө ичинде жумуш орундарын түзүүгө салым кошкон инвестиция болуп саналарын билдирди.
13-ноябрда Жо Байден жана Дональд Трамп Ак сарайда жолугушуп, Украинадагы жаңжалдан тышкары Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды талкуулашты.
АКШнын президенти Жо Байден баш болгон администрациясы Украинага каржылык жана аскердик жардам көрсөтүүнү активдүү колдоп келген. Жардам курал-жарак менен камсыз кылууну, украиналык аскерлерди окутууну жана жалпы суммасы 59 миллиард доллардан ашкан гуманитардык жардамды камтыган.

Бөлүшүү:
Next Post

Дүйнө чемпионатына тандоо: Бүгүн Кыргызстан БАЭ курамасы менен беттешет

Бүгүн,14-ноябрда Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын футбол курама командалары беттешет. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, оюн БАЭнин Абу-Даби шаарындагы «Мухаммад ибн Заед» стадионунда өтүп, Бишкек убактысы боюнча саат 22:15те башталат. «Ак шумкарлар» кызыл, атаандаштары ак кийимчен ойношот. Эскерте кетсек, Кыргызстан дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын үчүнчү баскычында 4 […]

Сизге жагышы мүмкүн