Байден Трамптын дебатка чакыруусунан баш тартты

Автор

АКШнын президенти Жо Байденди өлкөнүн мурдагы лидери Дональд Трамп өлкөнүн келечегин талкуулоо үчүн шайлоо алдындагы дебатка чакырган. Бирок Байден Трамптын сунушунан баш тартты.
Truth Social тармагына жарыяланган чакырууда Трамп бул диалогдун АКШнын жыргалчылыгы үчүн маанилүү экенин айткан. Жо Байден “Эгер мен анын ордунда болсом, мен да мени менен талашкым келмек”,-деди.
Бир күн мурда Трамптын жалгыз атаандашы Никки Хейли Республикачылардын талапкерлиги үчүн жарыштан баш тартты. Учурда АКШнын президенттигине Республикалык партиядан Дональд Трамп гана талапкер болууда.
Демократтардан Жо Байден, Дин Филлипс талапкер. Көз карандысыз талапкерлер активист жана жазуучу Корнел Уэст, активист жана дарыгер Жилл Стейн, кенже Роберт Кеннеди бар.
АКШда президенттик шайлоо 2024-жылдын 5-ноябрында өтөт жана ал АКШнын тарыхында 60-жолу болуп калат. Бул шайлоодо азыркы 46-президент Жо Байден шайлоодо утулуп калса, АКШнын 47-президенти келет.

Бөлүшүү:
Next Post

Эки талапкер арыз берди

Нурлан Ражабалиевден бошогон №2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округунан депутаттыкка Алимберди Бегматов аттанып, ал БШКга арызын берди. Бүгүн, 7-мартта мөөнөтүнөн мурда өтүүчү шайлоого катышуу үчүн талапкерлердин арыздары кабыл алына баштады. Ал эми Искендер Матраимовдон бошогон N:9-Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округунан Ганишер Бадалов аттуу жаран арыз бергени белгилүү болду. БШК шайлоого […]

Сизге жагышы мүмкүн