АКШ президенти Жо Байден Газа секторунда ок атышууну токтотуу жана туткундарды бошотуу боюнча жаңы планын сунуштады. Бул жаңжалды токтотуунун эң жакшы жолу деп эсептейт. Бул тууралуу Reuters маалымдады.
«Бул согушту токтотуп, эртеси күндү баштоо убактысы келди»,-деген Байдендин сунушу үч этаптан турат.
Биринчи этапта алты жумага созулган ок атышпоо режими башталышы керек. Бул убакыттын ичинде Израилдин күчтөрү Газадагы калктуу конуштардан чыгып кетишет. Ал эми туткундар жүздөгөн палестиналык туткундарга алмаштырылат. Палестиналык жөнөкөй тургундар Газанын түндүк бөлүгүнө кайтып келе башташат. Күн сайын анклавга 600 жүк ташуучу унаа гуманитардык жардам жеткирет.
Экинчи этапта ХАМАС менен Израил согуштук аракеттерди толук токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
Үчүнчү этапка Газаны кайра куруу планы кирет.
Жаңы ок атышпоо планы Израилдин премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун өкмөтүнө Газа секторунда адамдардын каза болушуна жана туткундарды бошотуу боюнча эч кандай жылыштын жоктугуна байланыштуу ички жана эл аралык басымдан кийин пайда болду.