Байден Россияга 500дөн ашык жаңы санкцияларды жарыялады

Автор

АКШ президенти Жо Байден 23-февралда Украинадагы согушка жана орус оппозициясынын лидери Алексей Навальныйдын өлүмүнө байланыштуу Россияга каршы 500дөн ашык жаңы санкцияларды жарыялады.
Ак сарайдын билдирүүсүнө караганда, бул санкцияларда Навальныйга тиешеси бар адамдар бутага алынат. Ошондой эле Россиянын каржы сектору, коргонуу өнөр жай базалары бар.
АКШ булардан тышкары жарандык коомго, көз карандысыз маалымат каражаттарына жана дүйнө жүзү боюнча демократия үчүн күрөшкөндөрдү колдоону күчөтүүнү пландап жатат.

Бөлүшүү:
Next Post

Лукашенко кайрадан президенттик шайлоого катышмакчы

Беларуссиянын президенти Александр Лукашенко 2025-жылы өтө турган президенттик шайлоого катышууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу ал журналисттерге билдирди. “Бизди алдыда кыйын мезгил күтүп турат, андыктан профессионалдуулуктан тышкары белорус элине берилгендик да болушу керек”, – деди Лукашенко өз тандоосун түшүндүрүп. 25-февралда Беларуста VIII чакырылыштагы Улуттук жыйындын Эл өкүлдөр палатасына жана жергиликтүү кеңештерге депутаттарды […]

Сизге жагышы мүмкүн