Байден Путин тууралуу көп ойлонбой калганын айтты

Автор

АКШнын президенти Жо Байденден Россиянын президенти Владимир Путиндин Украинага алыска атылуучу куралды колдонууга чектөөлөрдүн алынышы боюнча сөздөрүнө комментарий берүүнү суранышкан. Байдендин айтымында, ал Россиянын президенти жөнүндө көп ойлонбойт.
«Мен Владимир Путин жөнүндө көп ойлонбойм»,-деди Байден Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер менен жолугушуу учурунда журналисттин суроосуна жооп берип жатып.
Бул жолугушуунун жыйынтыгында Ак сарай Украина үчүн алыска атылуучу куралды колдонууга чектөөлөрдү алып салуу боюнча эч кандай билдирүү жасаган жок.
Эске салсак, Россиянын президенти Владимир Путин чектөөлөрдүн алынышы Украинанын айланасындагы согушка НАТО өлкөлөрүнүн түздөн-түз аралашуусу катары кабыл алынарын айткан.

Бөлүшүү:
Next Post

Жазалоо кезеги Убактылуу өкмөткө келдиби?

2010-жылы мыйзамдуу бийликти бир ууч саясатчылар басып алышып, кызмат талашуу, пара алуу, чоң суммадагы акчаларды кантип бөлүшкөндөрү боюнча сүйлөшүүлөрү элге жарыяланып кеткен. Мындан улам эл көп жылдан бери Убактылуу өкмөттүн мыйзамсыз же, мыйзамдуу аракетине баа берилишин талап кылып келген. Эске сала кетсек, 2010-жылдагы төңкөрүштөн кийин ошол кездеги Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү […]

Сизге жагышы мүмкүн