Байден Нетаньяхуну камакка алуу ордерине нааразы болду

Автор

АКШ президенти Жо Байден Эл аралык кылмыш сотунун (ЭКС) Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен мурдагы коргоо министри Йоав Галантты камакка алуу боюнча ордер чыгарышын «оор кесепеттүү кадам» деп атады.
Бул тууралуу билдирүү Ак сарайдын расмий сайтында жарыяланды. Жо Байден АКШ Израилдин коопсуздугуна коркунуч жаралган учурда ар дайым анын жанында болорун белгиледи.
21-ноябрда, Эл аралык кылмыш соту Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен мурдагы коргоо министри Йоав Галантты камакка алуу боюнча ордер чыгарган. Алар 2023-жылдын 8-октябрынан 2024-жылдын 20-майына чейинки мезгилде жасалган «адамзатка каршы кылмыштар жана согуштук кылмыштар» үчүн айыпталууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Садыр Жапаров прокуратура кызматкерлерин 100 жылдык мааракелери менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматынан билдирди. Иш-чара прокуратура органдарынын тарыхы жана калыптанышы тууралуу кыска даректүү тасманы көрсөтүү менен башталды. Мамлекет башчысынын куттуктоосунда төмөнкүдөй айтылат: “Прокуратура органдарынын урматтуу кызматкерлери жана […]

Сизге жагышы мүмкүн