АКШнын президенти Жо Байден бейшемби күнү россиялык оппозиция лидери Алексей Навальныйдын жубайы жана кызы менен жолугуп, Россияга каршы кошумча санкцияларды киргизүүгө даярданып жатканын билдирди.
Анын өлүмүнө күнөөлүү болгон Путинге каршы санкцияларды жарыяларын айткан Байден Навальныйдын жубайы күрөшүн уланта турганы билерин кошумчалады.
Юлия жана Даша Навальный менен жолугушуу АКШнын күтүлүп жаткан санкцияларынын жаңы айлампасына бир күн калганда өттү.
Навальныйдын кызы Даша Навальная Стэнфорд университетинин студенти.