АКШ президенти Жо Байден түрк лидери Режеп Тайып Эрдоган менен Газа тилкесине гуманитардык жардам жеткирүү жана Палестинанын калкынын келечегин талкуулоо үчүн сүйлөшкөнүн Ак сарай билдирди.
“Лидерлер Газадагы гуманитардык колдоону жана жарандарды коргоону жогорулатуу аракеттерин, ошондой эле Палестина эли үчүн саясий горизонттун зарылдыгын талкуулашты”,-деп айтылат билдирүүдө.
Мындан тышкары, Байден Эрдоганга АКШнын Израилдин өзүн-өзү коргоо укугуна колдоосуна көңүл бурду.