Байден менен Трамп барымтадагылардын маселесин чечүүнү макулдашты

Автор

АКШ президенти Жо Байден жана мамлекет башчылыгына шайлоодо жеңишке жеткен Дональд Трамп шаршемби күнү Ак сарайда жолугушуп, Газада кармалып турган барымтадагылар маселесин талкуулашты. Бул маселени Трамптын инаугурациясы боло турган 2025-жылдын 20-январына чейин чогуу чечүүнү көздөшкөндүгүн билдиришти.
“Шаршемби күнү Байден Овалдык кабинетте Газада кармалып турган америкалык барымтадагылардын үй-бүлөлөрү менен бир жарым сааттык жолугушуу өткөрдү. Байден үй-бүлөлөргө барымтадагылардын маселеси кечиктирилгис экенине жана аны 20-январга чейин чечүүгө аракет кылууга Трамп экөө макул экенин айтты”,-деп жазылган билдирүүдө.

Бөлүшүү:
Next Post

15-ноябрга карата аба ырайы

Кыргызгидромет билдиргендей, 15-ноябрда түнкүсүн Алай өрөөнүнүн чыгышында бир аз кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жаан-чачын болбойт. Айрым жерлерге туман.Тоолуу аймактарда жолдор тайгак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +2…+7 Талас жергесинде түнкүсүн -1…-6, күндүз +1…+6 Баткен, Ош, Жалал-Абад […]

Сизге жагышы мүмкүн