АКШнын президенти Жо Байден менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин 15-ноябрда Сан-Францискодо жолугушат.
Ак сарайдын расмий сайтындагы билдирүүгө караганда Жо Байден менен Си Цзиньпин 15-октябрда жолугушат. Лидерлер АКШ менен Кытайдын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди, глобалдык маселелерди талкуулашат.
CNBC телеканалы АКШ менен Кытайдын лидерлери Сан-Францискодо жолугушаарын маалымдады. Ошол убакта ал жерде Азия-Тынч океан Экономикалык Кызматташтыгынын саммити өтмөкчү. Эки лидердин жолугушуусу бир нече саатка созулушу мүмкүн. Ага Пекин менен Вашингтондун расмий өкүлдөрү да катышат.