Байден менен Нетаньяху Иранга “жоопту” талкуулайт

Автор

АКШнын президенти Жо Байден 9-октябрда Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен телефон аркылуу сүйлөшүүнү пландап жатат. Алар Израилдин Иранга болгон чабуулуна жооп кайтарууну талкуулашат.
Байден менен Нетаньяхунун алдыдагы сүйлөшүүсү эки айдан бери биринчи жолу өтмөкчү.
Байден сүйлөшүү учурунда Израилдин жообу боюнча өз пикирин билдирүүнү көздөөдө. АКШнын президенти менен Израилдин премьер-министри Ливан жана Газа тилкесиндеги жаңжалдарды талкуулары күтүлүүдө.
1-октябрда Иран Израилге 180ден ашуун баллистикалык ракета учурган. Иран бийлиги бул чабуулду Ливандын «Хезболла» кыймылынын баш катчысы Хасан Насралланын өлтүрүлүшүнө жооп деп атаган. Израилдин бийлиги жооп болорун билдирген.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстан менен Катар беттешин сингапурлук калыстар тейлейт

Эртең, 10-октябрда Доха шаарында Кыргызстан менен Катардын футбол курама командаларынын беттеши өтөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, беттеш “Аль-Тумама” стадионунда Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө башталат. Оюндун калыстар бригадасын сингапурлук ФИФА калысы Мухаммад Бин Жахари жетектейт. Башкы калыска каптал сызыктарда анын мекендештери – Абдул Бин Абдул Хасим […]

Сизге жагышы мүмкүн