АКШнын президенти Жо Байден Украинага Москвага америкалык курал менен сокку урууга уруксат берген жок. Чектөөлөр Кремлге абадан жасалган чабуулдарга да тиешелүү. Бул тууралуу Ак үйдүн башчысы ABC News телеканалына берген маегинде билдирди.
Америкалык лидер ошондой эле Киевди Россиянын терең аймагындагы чабуулдардан эскертти. Анын айтымында, НАТО өлкөлөрүнүн курал-жарактары жана техникалары Россиянын чек ара аймактарында Украинанын Куралдуу күчтөрү тарабынан гана колдонулушу мүмкүн.