Байден дени сак жана энергиялуу экени айтылды

Автор

АКШ президенти Жо Байдендин дарыгери жыл сайын медициналык кароодон өтүп, анын ден соолугу мамлекет башчы болуп иштөөгө мүмкүнчүлүк берерин, медициналык кароодон өткөндө жаңы көйгөйлөр аныкталбаганын билдирди.
Ноябрь айындагы шайлоонун алдында ден соолугу текшерилип жаткан 81 жаштагы Байден шаршемби күнү Мэриленд штатындагы аскердик госпиталда текшерилди. “Баары сонун”,-деген Байден жана акыркы тесттин жыйынтыгы былтыркыдан эч кандай айырмаланбагандыгын кошумчалады.
Ак сарайдын дарыгери Кевин О’Коннордун айтымында, Байден баардык милдеттерин эч кандай өзгөчөлүктөрсүз толук аткарып жатат, ал ден соолугу чың, энергиялуу жана жумасына кеминде беш күн машыгууну улантат.

Бөлүшүү:
Next Post

Темир Сариев туризм комитетин түздү

Соода-өнөр жай палатасында туризм боюнча комитет түзүлдү. Аталган мекеменин жетекчиси Темир Сариев туризм тармагынын өкүлдөрү менен жолугушуп, кызматташуунун келечегин талкуулады. Темир Сариевдин айтымында, ИДПнын түзүмүндө туризм 5-7%ды түзөт, бул абдан жакшы көрсөткүч. Бирок туризм тармагында биргелешкен күч-аракет менен чечүүнү талап кылган айрым көйгөйлөр бар. Буга байланыштуу Соода-өнөр жай палатасынын алдында […]

Сизге жагышы мүмкүн