АКШнын президенти Жо Байден дефолттун алдын алуу чараларын талкуулоо үчүн алдыдагы сапарларын кийинкиге калтырды. Ак сарайдын басма сөз катчысы Карин Жан-Пьердин билдирүүсүнө ылайык, Байден жекшемби күнү G7 саммитинен кийин дароо Конгресстин лидерлери менен жолугуп, дефолттун алдын алуу чараларын талкуулайт.
“Президент эки партиядан жана палатадан Конгресстин мүчөлөрү дефолттун алдын алуу үчүн биригиши керек экенин ачык айтты. Президент жана анын жардамчылары конгресстин жетекчилиги менен президенттин столуна келе турган бюджеттик келишимди иштеп чыгууну улантат»,-деп айтылат билдирүүдө.