Байдендин штаб-квартирасы: Президент утулса да шайлоо жарышынан чыкпайт

Автор

АКШ президенти Жо Байден мурдагы президент Дональд Трамп менен болгон акыркы дебатта утулганы менен шайлоо жарышына катышууну улантат. Бул тууралуу The Hill басылмасына Байдендин шайлоо штабынын башчысы Сет Шустер билдирди.
Дебатты уюштурган CNN телеканалынын сурамжылоосунун жыйынтыгына ылайык, көрүүчүлөрдүн 67 пайызы Дональд Трампты дебаттын жеңүүчүсү деп эсептешкен. Жо Байден өзүнүн жеңилүүсү боюнча айткандарында «Биз жакшы иш кылдык деп ойлойм»,-деп, алдыдагы шайлоолордон эч кандай кооптонуу сезбестигин кошумчалады. «Жалганчы менен талашуу кыйын. The New York Times басылмасы Дональд Трамп 26 жолу жалган айтты деп белгиледи»,-деди президент.
Politico басылмасынын маалыматы боюнча, дебаттагы жеңилүү Байдендин Демократиялык партиясындагы тарапташтарынын арасында дүрбөлөң жараткан. Демократиялык партиянын айрым демөөрчүлөрү ноябрда өтө турган шайлоодо анын талапкерлигин алмаштыруу маселесин талкуулай башташкан.
Axios порталына мырза Байдендин командасынан анонимдүү булактын түшүндүрүүсүнө ылайык, президент дебатка өтө кылдат даярданып, чарчап калган. Чиновниктин айтымында, дебатта энергия маанилүү болгон. Жо Байден биринчи жолу Дональд Трампка дебатта утулуп калды. 2020-жылдагы шайлоо учурунда саясатчылар эки жолу дебат өткөрүшкөн. Анда эки жолу тең азыркы президент жеңишке жетишкен.

Бөлүшүү:
Next Post

Ноокатта селден 5 адам каза болду, өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Селден улам Ноокат районунун аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүн аймакта катуу сел жүрүп, 6 адамды агызып кеткен. Учурда бешөөнүн сөөгү табылып, дагы бирин издөө иштери жүрүүдө. Мындан тышкары, 2 көпүрөнү, 10 электр мамысын агызып, 30дан ашык турак үйгө жана короо-сарайларга жана […]

Сизге жагышы мүмкүн