Байге фонду 1 млн сом. Бишкекте төкмө акындардын айтышы өтөт

Автор

Бишкекте Кыргыз ССРинин эл артисти, төкмө акын Калык Акиевдин 140 жылдык мааракесине арналган төкмө акындардын республикалык айтышы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, айтыштын тандоо туру 15-ноябрда саат 10:00до К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук косерваториясында өтөт.

Жарым финалдык жана финалдык айтыштар 27-ноябрда Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда өтүп, саат18:00дө башталат. Билеттин баасы 500 сом.

Акындардын таймашынын байге фонду 1 млн сомду түзөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте КМШ Парламенттер аралык Ассамблеясынын күзгү сессиясы өтөт

Бишкек шаарында 16-17-ноябрында көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине (КМШ) катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын күзгү сессиясынын иш-чаралары өтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, Шериктештикке кирген өлкөлөрдүн Парламент башчылары сессиянын биринчи күнүндө КМШ ПАА кеңешинин жыйынын өткөрөт. 16-ноябрда түштөн кийин КМШ Жаштар парламенттер аралык ассамблеясынын жана КМШ […]

Сизге жагышы мүмкүн