Бажы кызматы биринчи жолу 100 миллиарддык чекти өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, 2023-жылы Бажы кызматы бажы төлөмдөрү боюнча пландын аткарылышын 117,4 млрд сомго камсыз кылган, бул бекитилген көрсөткүчтөн 22,7 млрд сомго көп. Ал эми 2024-жылга Салык кызматы 230 млрд сом өлчөмүндө план белгилейт, бул 2023-жылга каралган пландан 49 млрд сомго көп