Бажы кызматынын башчысы «Манас» ордени менен сыйланды

Автор

Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков III даражадагы «Манас» ордени менен сыйланды. Бул тууралуу Бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 7-июнда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясында Финансы министрлигинин 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
Иш-чарага президент Садыр Жапаров, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Жогорку Кеңештин депутаттары, министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери, Финансы министрлигинин мурунку башчылары, эл аралык финансы институттарынын жана уюмдарынын өкүлдөрү, эмгек сиңирген финансисттер, Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, ардагерлер жана башкалар катышты.

Бөлүшүү:
Next Post

Жакында “Бишкек-Балыкчы” поезди каттай баштайт

14-июндан тарта “Бишкек-2” борбордук станциясынан “Бишкек-2 – Балыкчы – Бишкек-2” жүргүнчүлөрдү ташуучу поезд каттайт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бир ай бою 14-июлга чейин жума, ишемби, жекшемби күндөрү саякатка чыгат. 15-июлдан 31-августка чейин поезд күн сайын каттайт. Поезд Бишкек-2 станциясынан саат 07.40та чыгып, Балыкчы станциясына […]

Сизге жагышы мүмкүн