Бажычылар “Терминатордон” 35 миң евро айып пул алышты

Автор

Голливуд жылдызы Арнольд Шварцнеггердин Мюнхен аэропортунда бажы кызматкерлери тарабынан кармалышынын чоо-жайы белгилүү болду.
Окуя 17-январда, 76 жаштагы актёр Лос-Анжелестен Германияга учуп келгенде болгон. Бажы кызматкерлери Калифорниянын мурдагы губернаторунун жүгүн текшерип, декларацияда жок делген саатты табышкан. Бажы кызматкерлеринин айтымында, 26 миң еврону декларацияда көрсөтпөгөн “Терминаторго” салык иши козголгон.
Шварцнеггер окуяга комментарий берип “Бул Германия жапа чеккен көйгөй”,-деген.
Кеп Audemars Piguet сааты жөнүндө болуп жатат. Шварцнеггер бул буюмду климаттык кризис менен күрөшүүдө кайрымдуулук уюмуна жардам берүү үчүн аукциондо сатканы жатканын британиялык “The Guardian” басылмасы кабарлады.
Жыйынтыгында Шварцнеггерден 35 миң евро, анын ичинде 5 миң евро айып пул өндүрүлгөн. Анын үстүнө актер акчаны карта менен төлөөгө уруксат берилбей, банктан накталай акча алууга аргасыз болгон. Мындан кийин гана бажы кызматкерлери анын сапарын улантууга уруксат беришкен.

Бөлүшүү:
Next Post

19-январга карата аба ырайы

Эртең, 19-январда түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…-9, күндүз 1…6 Таласта түнкүсүн -7…-12, күндүз -1…+4 Баткен облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 4…9 Ош, Жалал-Абад […]

Сизге жагышы мүмкүн