Багбанчылыкты өнүктүрүү боюнча программа иштелип чыкты

Автор

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги республикада багбанчылыкты өнүктүрүүнүн 2024-2028-жылдарга карата программасынын долбоорун иштеп чыкты. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, долбоор коомдук талкууга коюлат. Программаны ишке ашырууда төмөнкүдөй негизги иштер аткарылат:
мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн 14 көчөтканасын, анын ичинде донорлордун долбоордук каржылоосун пайдалануу менен түзүлө турган 5 мамлекеттик питомникти түзүү;
багбанчылыкка адистешкен 25 кооперативтерди түзүү;
багбанчылык максатында 42,9 миң га асылдуулугу төмөн жайыттарды беш жылдын ичинде өздөштүрүү;
багбанчылык тармагында 14 кластерди түзүү;
багбанчылык багыттары үчүн 1 млрд.900 млн. сом өлчөмүндө жеңилдетилген кредит берүү;
багбанчылык тармагында 2 соода-логистикалык борборлордун курулушу.

Бөлүшүү:
Next Post

Садыр Жапаров “Кызыл-Омпол” кенин иштетүү боюнча эл менен жолукту

Президенттин 19-февралдагы жолугушуусу Балыкчы шаарында өтүп, ага Тоң жана Кочкор райондору менен Нарын облусунун жергиликтүү активисттери катышканын президенттин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууда Кызыл-Омпол кенин иштетүү боюнча маселе козголгон. Ошондой эле президент социалдык-экономикалык өзгөрүүлөр жана алдыдагы максаттар, инвестицилык долбоорлор жөнүндө айтып берген. Өкмөт былтыр Тоң районундагы Кызыл-Омпол кенин 300 млрд […]

Сизге жагышы мүмкүн