Кыргызстанда көп балалуу энелерге 2 млн сомго чейин берилет
Кыргызстанда бийик тоолуу жана жолу татаал алыскы аймактарда туруктуу жашаган көп балалуу энелерге бир жолку “Бала береке” төлөмү берилет. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Ага ылайык, 2026-жылдан тартып төрт жана андан көп балалуу болгон үй-бүлөлөр 100 миң сомдон 2 миллион сомго чейин алат:
Төртүнчү баласын төрөгөндөргө – 100 000 сом;
Бешинчисине – 600 000 сом;
Алтынчысына – 800 000 сом;
Жетинчи балага – 1 000 000 сом;
Сегизинчи балага – 1 200 000 сом;
Тогузунчу балага – 1 500 000 сом;
Он жана андан көп балалуу болгондорго 2 000 000 (эки миллион) сом кичүү бала бир жашка чыкканда берилет.
Жарлыкты ишке ашыруу тартибин, шарттарын жана төлөмдүн каржылоо булактарын Министрлер кабинети алты айдын ичинде аныктоого тийиш.