Дүйнөдөгү эң популярдуу азыктардын бири – нан! Андыктан анын да өзүнүн майрамы – жыл сайын 16-октябрда белгиленүүчү Бүткүл дүйнөлүк нан күнү бар экендиги таң калыштуу эмес.
Майрам 2006-жылы Наабайчылар жана кондитерлердин эл аралык союзунун демилгеси менен түзүлгөн. Ал эми датаны тандоо 1945-жылдын 16-октябрында айыл чарбасын өнүктүрүү жана аны өндүрүү маселелери менен алектенген БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму түзүлгөндүгүнө байланыштуу тандалып алынган.
Бүгүнкү күндө дүйнөнүн ар бир өлкөсүндө нан жана нан азыктары үзгүлтүксүз сүйүүгө ээ. Азыр деле көп адамдар нанды аз калориялуу нан, печенье же крекер менен алмаштырып, ар кандай диетаны карманышат. Ар улут нанга жана аны өндүрүүчүлөргө дайыма камкордук жана урмат-сый менен мамиле кылып келишкен. Ал дасторкондо эң сыйлуу орунга ээ болгон. Ал жашоонун символу болгон жана болуп кала берет. Ал эми мурунку доорлордо нан үй-бүлөдөгү берекенин, үйдөгү жыргалчылыктын негизги белгиси болгон.
Нандын кыскача тарыхы
Нандын тарыхы бир нече миң жылдарга созулат. Илимий изилдөөлөр боюнча, биринчи нан азыктары болжол менен 8 миң жыл мурун пайда болгон. Сыртынан алар жарма жана суудан даярдалып, ысык таштарга бышырылган жалпак токочко окшош. Биринчи ачыткы нан Египетте жасалган. Ошондо да нан багуучу болуп эсептелип, күн менен байланыштырылып, ал тургай аны менен (алгачкы жазууда) бир символ менен – ортосунда чекит бар тегерек менен аныкталып келген.
Нан жөнүндө макалдар
Адамдан улуу ат жок, нандан улуу аш жок.
Айран ичкен алсырайт, кымыз ичкен кансырайт, эрке бала көч үстүнөн нан сурайт.
Ак эмгектин наны таттуу, жалкоонун жаны таттуу.
Ач койнунда нан болбойт.
Ачка менен токтун ортосу жарты нан.
Ачка турганча айранга нан сындырып жеген артык.
Ачкадан өлгөн наабайдын койнунан нан чыгыптыр.
Ачтын көзү нанда, токтун көзү тондо.
Баарынан — нан улук.
Бир күн кетмен чапкан нандын даамын билет.
Бозо — болгондуку, токоч — тойгондуку.
Бирөөгө нан кайгы, бирөөгө жан кайгы.
Даны жоктун — наны жок, наны жоктун — жаны жок.
Дүйнөдө нан улук.
Жамгыр болбой дан болбойт, тегирмен болбой нан болбойт.
Жапкан наны карала.
Карды ачкан нанга карайт, суукка тоңгон күнгө карайт.
Кедейдин байы буудай нандан шерине жейт.
Кетмен менен иштебей, нанды кайдан табасың.
Кетмен чапкан нанын жейт, ууру кылган жанын жейт.
Кетмен чаппай нан кайда, айраны келди, мал кайда.
Колунда токочу (же талканы) бар бала сүйгүнчүктүү.
Кымыз — кишинин каны, эт — кишинин жаны, токоч — тоют, жарма — оокат.
Минерге ат болбогон, жээрге нан болбойт.
Найза жеңбегенди нан жеңет.
Нандан улуу тамак жок, адамдан улуу атак жок.
Нандын ысыгы жакшы, сөздүн бышыгы жакшы.
Нансыз тамак даамсыз.
Нан – адамдын мандай тери.
Кулактай нан жесен, улактай куч толот.
Наны жок чай курусун кайыры жок бай курусун.
Наны жок чайдан без, кайыры жок байдан без.
Сан тийбеске сан тийди, табак —табак нан тийди.
Суу мол болсо, нан да мол.
Нан баарынан улук.
Эмгектин наны таттуу, жалкоонун жаны таттуу.