Аялын өлтүргөн экс- министрге сот өкүмү чыкты

Автор

Бүгүн, 13-майда Астана соту Салтанат Нукенованы мыкаачылык менен өлтүргөн Казакстандын мурдагы экономика министри Куандык Бишимбаевди 24 жылга эркинен ажыратты.
«Күнөөмү моюндайм, бирок, атайылап киши өлтүрөйүн деген эмесмин. Камалган күндөн бери чындыкты айтып келатам, жоопкерчиликтен качкан жокмун», — деди соттолуучу.
Куандык Бишимбаевге атайылап киши өлтүрүү, (15 жылдан 20 жылга чейин өмүр бою камакка кесүү) жана адамдын боштондугун чектөө (4 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратуу) беренелери боюнча кылмыш иштин алкагында өкүм чыкты.
Ал эми Бакытжан Байжанов кылмышты жашырды делип 4 жылга эркинен ажыратылды.
Эске салсак, экс-министр Куандык Бишимбаев аялы Салтанат Нукенованы өлтүрдү делип 2023-жылдын 9-ноябрында камакка алынган эле.

Бөлүшүү:
Next Post

Шахмат боюнча өлкө чемпионаты жыйынтыкталды

Шахмат боюнча Кыргызстан чемпионаты жыйынтыкталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мелдеш 11-майда аяктап, жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылды. Эркектер арасындагы жыйынтык: 1-орун – Никита Хорошев; 2-орун – Асылбек Абдыжапар; 3-орун – Элдияр Орозбаев; 4-орун – Михаил Марков; 5-орун – Жакшылыков Эржан; 6-орун – […]

Сизге жагышы мүмкүн