Аялын сабаган дипломат кызматтан алынды

Автор

Казак дипломаты Сакен Мамаш үй-бүлөлүк жаңжалдан кийин кызматтан алынды. Бул тууралуу Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Айбек Смадияров журналисттерге билдирди.
«Окуя болгон учурдан тартып Тышкы иштер министрлиги бул ишти өзгөчө көзөмөлгө алды. Ал 6-майда Казакстанга учуп, 9-майда чек арадан өткөндөн кийин учурдагы мыйзамдарга ылайык ээлеген кызматынан бошотулган. Буга чейин укук коргоо органдары ага карата иш козгогон. Бул иштин чоо-жайы бизге белгисиз, биздин ал жакка кийлигишүүгө акыбыз жок. Карина менен жеке жолугуп сүйлөштүм. Биз ага максималдуу колдоо көрсөтөбүз»,-деди Смадияров.
Ушул айдын башында дипломаттын жубайы Карина Мамаш ага он жыл бою физикалык зомбулук көрсөткөнүн айткан.
Сакен Мамаш Казакстандын Бириккен Араб Эмираттарындагы элчисинин кеңешчиси болгон.

Бөлүшүү:
Next Post

Келгин куштар эмне үчүн V формасында учат, билесизби?

Канаттуулар эмне үчүн ушинтип тизилет деген суроо көп жылдар бою баардыгын таң калтырып келген. Бул чындап эле таң калыштуу, анткени табият канаттууларга багытын жоготпостон эбегейсиз аралыктарды басып өтүүгө мүмкүндүк берген идеалдуу ыкманы ойлоп тапкан. Бул ыкма канаттууларга мүмкүн болушунча көп аралыкты басып өтүүгө мүмкүндүк берип, бүт үйүрдүн жалпы абадан тартылуу […]

Сизге жагышы мүмкүн