“Аю Холдингдин” мурдагы президенти кармалды

Автор

“Аю Холдингдин” мурдагы президенти уюшкан кылмыштуу топту каржылаганы үчүн кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, кримавторитет Камчы Асанбек (Көлбаев) менен каржылык байланышта болгон “Аю Холдинг” компаниясынын мурдагы президенти О.Б.А. кармалды. Мындан тышкары, кармалган О.Б.А.нын Өзбекстандын кылмыштуу тобунун лидери, 2024-жылдын август айында КР аймагында издөө жарыяланган Салим Абдувалиев (Салим бойвачча) менен да байланышы аныкталып, ал Өзбекстанда бизнес жүргүзүүдө колдоо алуу максатында аны менен мамиле курган.
О.Б.А. менен профилактикалык сүйлөшүү жүргүзүлүп, ал мамлекеттин өнүгүүсүндөгү алгылыктуу тенденцияларды белгилеп, Кыргызстандын саясий багытын колдоорун билдирип, уюшкан кылмыштуу топтордогу байланыштарынан жана кылмыштуулук идеологиясынан баш тартуу боюнча милдеттенме кабыл алынды.
Азыркы учурда кармалган О.Б.А. нын өлкөнүн криминалдык түзүмдөрүнүн өкүлдөрү менен өз ара аракеттенүүсүнүн башка фактыларын аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
УКМК тарабынан кылмыштуу топторду, анын ичинде кылмыш курамын колдоп, каржылаган адамдарды аныктоо жана аларга бөгөт коюу боюнча иштер улантылууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстанда жыл сайын «40 райондон 40 китеп» адабий сынагы өткөрүлөт

Кыргызстанда жыл сайын «40 райондон 40 китеп» адабий сынагы өткөрүлөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин тескемесинде айтылган. Ага ылайык, тиешелүү жобо чыгармачылыкка дем берүү жана интеллектуалдык потенциалды чыңдоо үчүн шарт түзүү максатында иштелип чыккан. «Жобо конкурсту өткөрүүнүн шартын жана тартибин аныктап, региондордогу авторлордун чыгармаларын баалоодо келип чыгуучу укуктук жана уюштуруу мамилелерин […]

Сизге жагышы мүмкүн