Мурдагы депутат Шаршенбек Абдыкеримов ээлик кылган “АЮ” холдинг менен “Топоз” заводунда иштеп келген жүздөгөн жумушчулар ишсиз калышты. Холдингдин айланасындагы түшүнүксүз иштер коомчулукка ачыкталбай жатат. Айрым маалыматтарда жумушсуз калгандар өлкөнү таштап Орусияга кетип жатканы айтылууда. Аталган өндүрүш мекемелери саясаттын курмандыгы болуп жатабы же, кожоюндарынын жеке чечимиби?