АЭС куруу боюнча референдумдун жыйынтыгы чыкты

Автор

Борбордук референдум комиссиясы Казакстанда АЭС куруу боюнча республикалык референдумдун акыркы жыйынтыктарын жарыялады. Референдумдун жыйынтыгында АЭС курууга 5 561 937 жаран же добуш бергендердин 71,12 пайызы колдоо көрсөтүштү. 2 045 271 казакстандык «жок» деген жоопту берди. 130 267 бюллетень жараксыз деп табылды. Референдумга катышкан казакстандыктардын саны 7 820 204 адамды же добуш берүү укугуна ээ жарандардын 63,66 пайызын түздү. Казакстанда атомдук электр станциясын куруу боюнча республикалык референдум 6-октябрда өттү.

Бөлүшүү:
Next Post

Азия чемпионаты: Кыргызстандык тайбоксчулар 13 медаль жеңди

Кыргызстандын тайбокс боюнча улуттук курама командасы Армениянын Ереван шаарында өткөн Азия чемпионатында 13 медаль жеңип алды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, анын ичинен 11и алтын, экөө күмүш медаль. Алтын медалдын ээлери: Рамис Масловец (42 кг), Диана Заинитдинова (54 кг), Алия Саалыева (48 кг), Милана Шихшабекова […]

Сизге жагышы мүмкүн