АЭС боюнча референдумга добуш берүү аяктады

Автор

6-октябрда Казакстанда саат 20:00дө АЭС боюнча референдумга добуш берүү аяктады. Саат 18:00гө карата өлкөдө 7 537 675 адам добуш берди. Катышуу 61,56 пайызды түздү. Добуш бергендердин саны боюнча алдыңкы үчтүккө Кызылорда облусу – 79,87 пайыз, Түркестан облусу – 74,23 пайыз, Чыгыш Казакстан облусу – 72,58 пайыз менен кирди. Буга чейин ТИМдин орун басары Роман Василенко чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторундагы добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктарын жарыялаган. Анын маалыматына ылайык, чет өлкөдө 13 шайлоо комиссиясы ишин жыйынтыктап, Казакстандын 7358ден ашуун жараны (катышуу 59,79) добуш берген.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстандык гимнасттар Сербияда күмүш медаль утушту

Кыргызстандык гимнасттар Сербиянын Белград шаарында өткөн эстетикалык топтук гимнастика боюнча жогорку категориядагы турнирде күмүш медалга ээ болушту. Бул тууралуу команданын уюштуручулары билдирди. Маалыматка ылайык, турнир 5-6-октябрда өтүп, ага 16 өлкөдөн 600 гимнаст катышты. Кыргызстандын атынан Сейитбекова Амалия, Токушова Айым, Мадали Амира, Чонбашева Алтынай, Пономарева Таисия жана Сыдыкбаева Алия катышты. Ошол […]

Сизге жагышы мүмкүн